www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда «Док-1 Макс» дарысын ичкен балдардын абалы начарлап, айрымдары каза болду. Бул тууралуу Самарканд облустук балдар ооруканасынын директору аталган облустун Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисине жазган катында айтылат.
Каттын көчүрмөсү интернетке тарады.
«Газета.uz» билдиргендей, катта соңку айларда Самарканд облусунун жашоочуларынын, айрыкча, балдардын арасында курч респиратордук вирустук инфекция күч алганы, дарыгерлердин көбү «Док-1 Макс» дарысын ичүүнү сунушташканы айтылат.
«Док-1 Макс» дарысын ичкендердин көбү кайра ооруканага кайрылып жатышат. Балдардын бөйрөктөрү ооруп жатат», - деп жазылган катта.
Андан тышкары, 17 балага гемодиализ дайындалган. «Док-1 Макс» дарысынын кесепетинен 15 бала каза болгон.
Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган кат жасалма эмес экенин жарыялады. Ошондой эле, «Док-1 Макс» дарысынын кесепетинен келип чыккан терс көрүнүштөр иликтенмей болду.
22-декабрдан тартып Өзбекстанда «Док-1 Макс» дарысын сатууга тыюу салынды.
23-декабрдан баштап Кыргызстанда да «Док-1 Макс» дарысын сатууга тыюу салынды.
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалыматы боюнча, Индиянын «Marion Biotech Pvt» компаниясы чыгарган «Док-1 Макс» дарысы курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо жуктурган бейтаптарга арналган. Дары таблетка жана сироп түрүндө чыгарылат. Ал Кыргызстанда 2018-жылы каттоого алынган. Соңку ирет өлкөгө өткөн жылы алып келинген. Бул жылы Кыргызстандын аймагына алып келинген эмес.
Булак: NazarNews.kg