www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармашты.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 29-октябрда болжол менен 17:00дөр чамасында Эркиндик бульвары менен Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде Chevrolet Spark унаасынын айдоочусу 2009-жылы туулган кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жабыркаган кыз ооруканага жаткырылган.

Аталган факты боюнча издөө иштеринин жүрүшүндө 19 жаштагы А.Ж. аттуу кыз кармалып, Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми унаа айып аянтчасына токтотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости