www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 5-майда Бишкекте Дэн Сяопин проспектиси менен Лумумба көчөсүнүн кесилишинде жүргүнчүлөрдү ташыган автобус жана бир жеңил унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жеңил унаа менен №215-автобус кагышып, андан кийин дагы эки автобус — №42 жана № 17-автобус аларды келип сүзгөн.
Окуя болгон жерге Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери келген.
Жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок. Учурда бардык автобустар базага жеткирилип, ал жердеги видеотасмалар каралып, чечим чыгарылат.