www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-май күнү болжол менен саат 22:45 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 110-чакырымында айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кесепетинен жөө жүргүнчү ооруканада каза болгон. Ал эми айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.
Милиция тарабынан Хонда-Акура үлгүсүндөгү унаа аныкталган. Күбөлөрдөн сурак алуу жана унаанын табылган жерин кароо учурунда, айдоочусу аныкталып, анын 1996-жылы туулган жаран экени белгилүү болгон. Шектүү «Манас» эл аралык аэропортунан кармалып, Чүй облусунун Кемин РИИБинин Тергөө кызматына жеткирилген.