www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде болжол менен саат 00:41лер чамасында Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа Ч. Айтматов көчөсү менен түштүк багытта бара жатып, аталган багытта бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн. Андан кийин карама-каршы багытта келе жаткан «Хундай-Портер» унаасын сүзүп, андан ары карама-каршы багыттагы «Хонда Тернео» унаасын сүзүп токтогон.

Натыйжада жол кырсыгынан 3 киши жабыркап, ооруканага тез жардам унаасы менен жеткирилген.

Учурда унаалар айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертиза дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости