www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги Чехияны толук колдой турганын билдирди

Европа биримдиги Орусия менен болгон соңку пикир келишпестикте Чехияны толук колдой турганын билдирди.

«Чехиянын тышкы иштер министри 2014-жылдагы жарылуудан улам ушул дем алыш күндөрү орусиялык 18 дипломаттын өлкөдөн чыгарылышы тууралуу бизге кабар берди. Бул дипломаттарды чех чалгыны Орусиянын агенттери катары аныктаган. ЕБ Чехия менен тилектеш», - деди уюмдун тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел.

Чехия орусиялык мурдагы офицер Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны ууландырууга катышы бар агенттердин 2014-жылы чех курал-жарак кампасындагы жарылууга тиешеси бар экенин жарыялагандан кийин эки тараптын мамилеси начарлады.

17-апрелде чех премьер-министри Андрей Бабиш Чехиянын коопсуздук кызматтарында кампадагы жарылууга Орусиянын тиешеси тууралуу «анык далилдер» бар экенин жарыялаган. Бул үчүн орусиялык 18 дипломат Чехиядан чыгарылган.

Москва Праганын чечимине жооп иретинде чехиялык 20 дипломатты өлкөдөн чыгарды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости