www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы вице-президент 93 жашында көз жумду

1977-1981-жылдары Джимми Картердин администрациясында АКШнын вице-президенти болуп иштеген Уолтер Мондейл 93 жашында көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Мондейл АКШдагы вице-президенттин ролун «өзгөрттү». Анткени, ал президент менен тыгыз кызматташып, тышкы саясатта активдүү роль ойногон.

Маалым болгондой, 1984-жылы Мондейл Демократиялык партиядан президенттикке талапкерлигин койгон, бирок республикачы Рональд Рейганга утулуп калган.

Белгилей кетчү жагдай, Джералдин Ферраро Мондейлдин тушунда вице-президентикке талапкерлигин койгон.

Ошондой эле, Уолтер Мондейл 1964-1976-жылдары Мондейл АКШнын Миннесота штатынын сенатору болгон. Кийинчерээк Билл Клинтондун тушунда Американын Япониядагы элчиси болуп иштеген (1993-1996).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости