www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Түндүк электр" ишканасы карызын төлөбөй жүргөн 6,1 миң абоненттин жарыгын эртең, 6-июлдан тарта, өчүрөт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган абоненттердин карызы беш миллион эки жүз миң сомду түзөт. Жарык "акылдуу эсептегичтердин" жардамы менен аралыктан өчүрүлөт. "Түндүк электр" абоненттерин карызды төлөөгө чакырат.

Тейлөөнү ыңгайлаштыруу үчүн ишкананын расмий сайтында "Абоненттин балансы" http://kyr.se.kg/balance деген бөлүм ачылган. Ал жерде ар бир кардар өзүнүн эсеп-кысабын текшере алат.

Ошондой эле балансты "Түндүк электрдин" түнү-күнү иштеген 1209 номери аркылуу колл-борборуна чалып тактаса болот. Мындан сырткары, кардар (0551) 00-12-09 WhatsApp-номерине билдирүү жазып, жооп ала алат.

Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА банк" төлөм терминалдары аркылуу, ошондой эле UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары жана "Айыл банк", "ДосКредоБанк", "БТА банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кассаларынан төлөөгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости