www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда рейд жүрүп жатат, Абхазиянын мамлекеттик номери тагылган автоунаалардын бардыгы айып короого киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Рейд учурунда бажычылар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте аталган номерлерди тагып жүргөн 10 автоунааны кармаган.

Алар «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын аймагындагы бажы көзөмөлү зонасына жеткирилди.

Кызматтан түшүндүрүшкөндөй, автоунаалардын айып короого коюлушуна ЕАЭБдин аймагынан транспортту убактылуу киргизүү шарттарынын бузулушу себеп болгон. Демек, экономикалык биримдиктин бажы мыйзамдары бузулган.

Бажы кызматынан Абхазиянын мамлекеттик номери менен жүргөн автоунааларды издөө боюнча рейд эми өлкө аймагы боюнча улантыларын кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости