www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте бүгүн, 14-февралда «Акыйкаттык үчүн» деп аталган тынчтык маршы башталды. Марштын катышуучулары алгач Эркиндик бульварына чогулуп, Ала-Тоо аянты көздөй жүрүшкө чыгарын билдиришти. Ушу тапта 200дөй адам чогулуп турат.
«Баштан башта» кыймылынын өкүлү Улан Үсөйүн жүрүштүн уюштуруучусу жарандык коом экенин билдирди жана жарандар мамлекетти көзөмөлгө алганды, талап койгонду үйрөнгөндө гана өлкө өнүгөрүн, өзгөрөрүн белгиледи
Акциянын катышуучулары «Биз өнүккөн өлкө үчүн!», «Биз жаркын келечек үчүн!» «Мыйзамдуу өлкө үчүн!» деген ураандарды айтып жатышат.
Уюштуруучулар жүрүш бир саат уланарын, аянтта иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү жана мамлекеттик гимнди аткаруу менен жыйынтыкталарын айтышты.
Эскерте кетсек, «Баштан башта» кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат.
Булак: NazarNews.kg