www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп акталды

АКШ Сенатында мурдагы президент Доналд Трампка карата импичмент жарыялоо маселеси боюнча сот жүрүмү өзүнүн бешинчи күнү, 13-февралда, аны актап чыгуу менен аяктады. Мурдагы президентке быйыл 6-январда Капитолийге чабуул коюп, ичине чейин кирип, кыйла тополоң кылган анын тарапташтарын ал атайылап козголоңго шыкактаган билдирүүлөр менен байма-бай чыгып козуткан деген олуттуу доо коюлган болчу.

Сенаттагы 50 орунду ээлеген демократтар жана көз карандысыз сенаторлор, мурда күтүлгөндөй эле, Трампты айыптуу деп расмий табуу үчүн кошумча 17 республикачы сенаторду өздөрүнө тарта алышкан жок. Аларды 7 гана республикачы сенатор колдоп чыкты.

Добуш берүүнүн бул жыйынтыгы, теория жүзүндө, Трампка 2024-жылы АКШнын президенттигине кайрадан талапкерлигин коюуга мүмкүндүк берет.

Бирок Сенаттагы 50 демократ жана көз карандысыз сенаторлор менен кошо жети республикачынын кошулуп, Трампты айыптуу деп эсептээрин билдиргендигинин өзү эле 13-февралдагы добуш берүү өлкөнүн президентине карата импичменттик сот жүрүмүнүн тарыхындагы ар кыл партиялардын өкүлдөрү пикирдеш чыккан айырмалуу добуш берүү окуясы катары бааланууда.

Трамп Сенатта өзү акталып чыккандан кийин бул окуяга карата кескин турумун билдирип, экинчи импичмент далаалатын АКШнын тарыхындагы «мастенге аңчылыктын эң ири аракеттеринин кезектеги баскычы» деп баалады.

Трамп мырза 6-январда Капитолийге кол салган өз тарапкерлеринин тобун эч кандай айыптоону камтыбаган өз билдирүүсүндө: «Американы кайрадан Залкар кылып жаратуу үчүн биздин тарыхый, мекенчил жана татынакай кыймылыбыз жаңыдан гана башталды», – деди.

Бирок Трамп бул жолу дагы акталып чыкканы менен баары бир АКШ тарыхында эки жолу импичмент сотуна кабылган жападан-жалгыз президент деген атка калды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости