www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында алдамчылыктан шектелген кыз кармалганын Ленин РИИБи билдирди. Жабырлануучу А.Б. милиция кызматкерлерине 22-апрелде кайрылган.
Арыз ээсинин айтымында, чала тааныш болгон «А.» и «Э.» аттуу аял кишилер соода борборунан алтын буюмдарды алып, сатып берүүнү убадалаган. Анын жалпы суммасы 18 миң 525 долларга жетет. Алар зер буюмдарды күрөөканага таштап, ошол бойдон качып кетишкен.
Алдамчылык боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде 23-майда Ж.А. шектүү катары издөөгө алынган. Ленин райондук соту камакка алуу боюнча сыртынан өкүм да чыгарган. 1993-жылы туулган Ж.А. 30-августта милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, кайра сот тарабынан үй камагына чыгарылды. Анын башка дагы иштерге катышы бар деп божомолдонуп жатат.
Милиция сүрөттөгү шектүүдөн жабыркаган жарандарды кабар берүүгө чакырат. Байланыш номуру: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149 жана «102» кызматы.
Булак: NazarNews.kg