www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Жабырлануучунун айтымында, сайттардын биринде ал кирешени көбөйтүүгө болот деген жарнаманы таап алган. 2022-жылдын 11-декабрында аял 20 миң сом салган, бирок баары жалган болуп чыккан.
Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен ЭПКга катталды.
Биринчи май РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Б.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция кармалган адамдын башка кылмыштарга тиешеси бар экенин жокко чыгарбайт. Буга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды 0 (500) 03-03-05 жана 102 телефон номурларына билдирүүнү суранат.
Булак: NazarNews.kg