www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бир нече автобус каттамы убактылуу өзгөрдү

Бишкекте №13, №35, №45 автобус каттамдары убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобустардын багыты Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылгандыгына байланыштуу өзгөрдү.

Белгиленгендей, бул тилкеде диаметри 600 мм болгон канализация коллекторун орнотуу үчүн курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.

Мэрия шаар тургундарын алдын ала каттамды пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Последние новости