www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бир нече көчө оңдоо үчүн жабылат. Тизме

Бишкекте 30-июлда оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн бир канча көчө жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Тактап айтканда, оңдоо иштери Шабдан баатыр көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Миң-Булак көчөсүнө чейинки бөлүгүнөн башталат. Жалпы узундугу 350 метр. Айдоочулар бул бөлүктөн Сатыбалдиев көчөсү аркылуу өтө алышат.

Ошондой эле Турусбеков көчөсүнүн Боталиевден Ташкент көчөсүнө чейинки бөлүгү (1 200 метр) оңдолот. Манас проспектиси жана Махатма Ганди көчөсү альтернативдүү жол болот.

Элебаев көчөсүнүн Кулатовдон тарта Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү да реконструкцияланат. Айдоочулар Ибраимов жана Байтик баатыр көчөлөрү аркылуу жүрүп турат.

Тимур Фрунзе көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Ахунбаевге чейинки бөлүгү (846 метр) оңдолот. Айдоочулар Соң-Көл жана Казиев көчөлөрү менен жүрсө болот.

Маликов көчөсүнүн Гагаринден Алыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү ремонттолот. Репин көчөсү альтернативдүү жол катары колдонулат.

Республика көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Рига көчөсүнө чейинки бөлүгүнөн эски асфальттарды алуу иштери башталган. Оңдолуучу жолдун узундугу 1 274 метрди түзөт. Тротуарлар курулуп, ирригациялык система коюлат.

Месарош көчөсүндө Набережная көчөсүнө чейин бир тарабынан тротуар жасалат. Ирригациялык системалары орнотулуп, люктар жана суу ташкындары агуучу топ капкактар коюлат. Жолду бузуу боюнча иштер башталган.

Мындан сырткары, Кой-Таш кууш көчөсүнүн Ахунбаевден Койбагаровго чейинки бөлүгү оңдолот.

Реконструкциядан кийин жолдун туурасы 8-9 метр болуп, эки тарабына да тротуарлар салынып, ирригациялык системалары орнотулат. Элебаев көчөсүндө автоунааларды токтотуучу жай куруу каралган.

Мэрия шаардагы тогуз көчө оңдолгондугун, дагы 29 көчөдө бул иштер улантылып жатканын белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости