www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир топтун тагдырын ойлоп, миң жылдык маселелерди чече бербешибиз керек. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов айтты.
--"Бүгүнкү күн менен жашап, кичине элбиз деп кичине бир топтун тагдырын ойлоп алып эле, миң жылдык маселелерди чече бербешибиз керек. Бул миң жылдарга кете турган стратегиялык чоң маселе. Ооганстандын бийлиги салт катары ошол жерде жашаган кыргыздарга дайыма жакшы мамиле жасаган. Закир шах биринчи кадамды таштаган. Рахманкул хан менен дос болгон. Аларды салыктан бошоткон. Булар аз эл, өздөрү деле аскер деп туруп, балдарды аскерге албай турган мыйзам чыгарып берген. Ал жер автономия сыяктуу.
Эмнеге автономия сыяктуу деп жатам. Себеби, парламенттен өткөн эмес, бирок Рахманкул хан ал жерди кадимки автономиядай бийлеген, өзүнүн маселелерин өзү чечкен. Алар биринчиден кыргыздын салтына таянган, экинчиси ислам дини болгон, үчүнчүсү Ооганстандын мыйзамдары болгон", - дейт тарыхчы.
Булак: NazarNews.kg