www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда жүргөн кыргыздардын саны 10 миңге жетпейт. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов айтты. 

--"Биз этникалык кыргыздарды Кыргызстанга алып келүүгө даяр экенибизди билдиришибиз зарыл. Биз өзүбүздү мамлекет деп эсептесек боордошторубузга жардам беришибиз керек. Анткени этникалык кыргыздар да жакшы турмуштан улам качкын болуп аткан жери жок. 

Расмий маалыматтар боюнча Ооганстанда жүргөн кыргыздардын саны 10 миңге жетпейт. Ага салыштырмалуу Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын бир миллиондон жарандары жүрөт. 10 миңдей кыргызстандыкты көчүрүп, жардам кылуу колубуздан келет да. Ал эми Ташкентте өткөн жыйында жалпы эле ал жактагы адамдардын коопсуздук маселеси каралды", - дейт дипломат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости