www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Опера, балет театрынын имаратынын жанында 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жокко чыгарууга чакырган митинг башталды. Трибунадан "Ата Мекен", "Республика" жана "Замандаш", "Бир Бол" партияларынын лидерлерин, өкүлдөрүн көрүүгө болот.
Митингчилер шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылып, ага бир күч менен катышарын билдирип жатышат.
Акциянын катышуучулары шайлоо калыс эмес жана ыплас өткөнүн белгилеп, элди жер-жерлерде мыйзам чегинде каршылык билдирүүгө чакырып жатышат.
"Шайлоо жокко чыксын!", "Бандиттин жана коррупционердин орду түрмөдө!", "Күрөш башталды!" "Туугандашкан система Бакиевдин бийлигинен ашып кетти!", "Шайлоонун алдында биригишибиз керек эле, азыр да кеч эмес" деген ураандар айтылууда.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында да шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого үндөгөн митинг өтүп жатат. Трибунага чыгып сүйлөп жаткандардын арасынан «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрүн көрүүгө болот.
БШКнын алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан.
Булак: NazarNews.kg