www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-октябрда Нарын облустук администрациясынын алдына 100дөн ашык киши топтолду. Акцияда «Республика» партиясынын талапкери Илгиз Сарылдык уулу, «Ата Мекен» партиясынын талапкери Эрлан Аскаров сөз сүйлөп жатышат. Алар «шайлоо ыплас өттү, жапырт добуш сатып алуу болду» деп билдирүүдө. Нааразы болгондорду тобу мөөнөтсүз митинг жарыялады.

Кечээ, 4-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясына чогуу чыгарын «Ата Мекен» жана «Республика» партиялары билдиришкен. «Бир Бол» партиясы да оппозициялык блокко кошуларын маалымдаган.

БШКнын алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости