www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митингчилер Ала-Тоо аянтын көздөй жөнөдү

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган "Ата Мекен", "Бир Бол", "Республика" жана "Замандаш" саясий партияларынын лидерлери жана тарапкерлери Бишкекте Опера жана балет театрынын алдында баштаган митингин Ала-Тоо аянтында улантмай болушту.

Митингчилер "Кайра шайлоо!" деген ураан менен аянтты көздөй баратышат.

Аянтта бүгүн эртең менен «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары митинг өткөрө башташкан. Алар да шайлоо ыплас өткөнүн белгилеп, бийликты сындап жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан.

 Бишкектин Ала-Тоо аянтында да шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого үндөгөн митинг өтүп жатат. Трибунага чыгып сүйлөп жаткандардын арасынан «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрүн көрүүгө болот.

БШКнын алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости