www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда

Бишкекте бүгүн, 12-февралда, №13 мектеп гимназияда вице-мэр Айжан Чыныбаева, Саламаттыкты сактоо министрлиги, шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчилери мектеп директорлору жана ата-энелер менен жыйын өткөрдү.

Жыйында шаардагы мектептерди аралыктан окутууну токтотуп, салттуу билим алуу качан ачылаары талкууланууда.

Анда сөз сүйлөгөн Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчисинин орун басары Айнагүл Рыскулбекова баш калаада коронавирус жана сасык тумоо инфекциясына байланыштуу абал кооптуу бойдон калып жатканын айтты.

«Январь айында Бишкекте 43 балада коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын 13ү мектеп окуучулары. Азыркы тапта курч респиратордук сасык тумоо оорулары да күч алууда. Ошондуктан шаардагы балдардын стационарлары толуп калды. Январь айынан бери 6 мугалимге оору жукту. Эпидемиологиялык кырдаал начар», - деди ал.

Жолугушууга келген Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова өлкөдөгү жалпы кырдаал тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин балдарда оору күчөп жатканы тууралуу билдирүүсүн тастыктап, ата-энелерди жоопкерчиликке чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости