www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги соода борборлорунун биринде эркек киши кызга ыдык көрсөткөн. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучу өзү билдирген.
Анын айтымында, 15-июль күнү жумуш учурунда ага 50-60 жаштардагы эркек киши кайрылган.
"Мен сылыктык менен баарлаша баштадым, күтүлбөгөн жерден ал мага: "Сага 1 миң доллар берейин, ээн жер табабыз, сен мага багынып беришиң керек, мен сенин кыздыгыңды алышым керек. Өкүнбөйсүң, меники 21 сантиметр. Мусулман дүйнөсүндө ушундай кабыл алынган" сыяктуу сөздөрдү айтып баштады", - деп билдирди кыз.
Жабырлануучу ал кишинин акылга сыйбаган сунушунан кийин сүйлөшүүнү камерага тартып баштаганын белгиледи.
"Мен жабынган кызмын, ачык кийинбейм, менде баары жабык. Күндүз ал ушинтип ыдык көргөзүп жатат. Мен титиреп, эмне кыларымды билбей калдым", - деди ал.
Кыз соода борборунун күзөтчүлөрүнө кайрылып, алар кишини алып кетишкен. Жабырлануучу милицияга кайрылган эмес, анткени РИИБ бул факт боюнча кылмыштын курамы жок деп эсептеши мүмкүн.
Булак: 24.kg