www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги соода борборлорунун биринде эскалатордон кулап кеткен беш жаштагы баланын абалы азырынча туруктуу оор бойдон калууда.
Бул тууралуу Шашылыш медициналык жардам көрсөтүү боюнча шаардык клиникалык ооруканадан билдиришти.
Дарыгерлердин маалыматына караганда, бала ооруканага түшкөн күнү операция жасалган. Учурда анын операциядан кийинки абалы жасалган хирургиялык кийлигишүүгө ылайык, абалында начарлоо байкалган жок.
Кечээ бала биринчи жолу жасалма дем алдыруучу аппараттан ажыратылган.
Ал азырынча эсине келе элек, бирок өз алдынча дем алып жатат. Учурда керектүү медициналык жардам жана дарылоо улантылууда.
Эске салсак, беш жаштагы бала Бишкектеги соода борборлорунун биринде үчүнчү кабаттын деңгээлинен эскалатордон кулап кеткен.
Окуядан кийин ал тез арада №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Дарыгерлер баладан баш мээ жаракатын жана башка дене жаракаттарын аныкташкан.
Алгач баланын абалы өтө оор деп бааланып, эс-учун жоготкондуктан жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.
Окуя боюнча борбор калаанын милициясы тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.
Укук коргоо органдары кырсыктын бардык жагдайларын аныктап, тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алышат.