www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Кытайдын Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүү боюнча чечимин кубаттайт. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
20-августтан тарта Кыргызстандын жарандары Кытайга 10 күнгө чейин визасыз кире алышат. Бул үчүн үчүнчү өлкөгө багытталган, Кытайдан андан ары чыгуу маршруту көрсөтүлгөн билет болушу зарыл.
Мисалы, Пекин же Шанхайга түз учуп барып, Кыргызстанга кайтууну үчүнчү өлкө аркылуу уюштурууга болот. Мисалы: Шанхай – Алматы – Бишкек же Пекин – Ташкент – Ош.
Кытайга визасыз кирүү 65 өткөрүү пункту аркылуу мүмкүн болот.
Мындан тышкары, Кыргызстандын жарандарына Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берилди.
Бул чечим кыргызстандыктарга виза үчүн төлөм төлөбөстөн, документтерди чогултуп, консулдукка кайрылбастан Кытайга барууга шарт түзөт.
Ошол эле учурда 10 күндүк визасыз режимди Кытай бир тараптуу негизде киргизди. Кытай жарандары Кыргызстанга кирүүдө мурдагыдай эле виза алышы керек.
Сагынбек Абдумуталиптин айтымында, Кытай бул чечимди кабыл алууда эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги кызматташтыгын, Кыргызстандагы реформаларды, коопсуздукту жана коомдук-саясий туруктуулукту, экономикалык өсүштү жана башка факторлорду эске алган.
Жаңы визасыз режим Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык байланыштарын жана туризм тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө шарт түзөт деп күтүлүүдө.