www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Издөөгө алынган кыз киши кармалды, деп билдирди бүгүн, 26-апрелде Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.

Милициянын маалыматына караганда, 22-майда болжол менен кечки саат ондо кыз киши Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү имаратка кирип, сейфтен 50 миң сом жана 30 миң сомдук уюлдук телефон уурдап кеткен. Бул факт КЖБРга Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталган.

Октябрь РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган Д.А.ны кармап, ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Кийинчерээк сот аны камактан чыгарган.

Бирок шектүү сот отурумдарына келбей, ага байланыштуу шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, кайрадан камакка алуу үчүн издөөгө жарыяланган.

№3 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Д.А.ны кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости