www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту бүгүн, 26-апрелде «бийликти басып алууга чакыруу» айыбы менен кармалган активист Тилекмат Кудайберген уулун (Куренов) үй камагына чыгарды.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Тилекмат Куреновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карай турганын Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында көзөмөл органынын башчысы Курманкул Зулушев билдирген.

Эске салсак, Тилекмат Кудайберген уулу Facebook баракчасы аркылуу «бийликти кулатууга чакырган» деп айыпталып кармалган. Ал Жазык кодексинин 310-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 264-беренесине (Массалык баш аламандыктар) беренеси менен айыпталып жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости