www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда жол эрежелерин көзөмөлгө алуучу камераларды орнотууга демөөрчү болгон ишкерлер эреже бузганы үчүн айып пулдун 50 пайыз суммасынан бошотулат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Буга карата өкмөттүн тийиштүү токтому чыккан.

«Сүрөт жана видеого алуучу атайын автоматташтырылган программалык-техникалык шаймандар орнотула турган жерлердин жайгашкан дареги E-IJRO AUCSION платформасы аркылуу онлайн-аукционго коюлат», - деп айтылат билдирүүдө.

Монтаж аянтчаларынын баштапкы баасы 735 миңден 8,575 миллион сумга чейин (70тен 816 долларга чейин) белгиленген.

Система алгачкы он күндө тесттик режимде иштейт. Бул мезгил аралыгында жол эрежесин бузгандарга айып пул салынбайт.

Ал эми система ишке киргизилгенден кийин бизнесмендерден бир жыл ичиндеги эреже бузуулар боюнча айып пулдардын 50 пайызы суралат. Бир жылдан кийин ал өлчөм дагы 25 пайызга түшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости