www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында калктын саламаттыгына терс таасир тийгизген айрым азыктар боюнча акциздик жөнгө салууну өркүндөтүү демилгесин талкуулоого арналган жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдар – Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) жана ЮНИСЕФ, мындан тышкары өлкөдөгү алдыңкы бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кант камтылган суусундуктарга жана тузу жогору болгон айрым азыктарга карата колдонулуп жаткан акциздик жөнгө салуу механизмин өркүндөтүү боюнча демилге сунушталды.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында кант камтылган суусундуктарга 1 литрине 3 сом өлчөмүндө акциз колдонулат. Ошол эле учурда акциздин өлчөмү суусундуктун курамындагы канттын көлөмүнө карабастан бардык продукциялар үчүн бирдей болуп саналат. Башкача айтканда, кант аз же көп камтылган суусундуктар бирдей ставка боюнча салыкка тартылууда.

Сунушталып жаткан демилге акциздик жөнгө салуунун дифференцияланган системасына өтүүнү карайт. Бул учурда акциздин өлчөмү суусундуктун курамындагы канттын чыныгы көлөмүнө жараша аныкталат.

Талкууланып жаткан модель боюнча акциздин төмөнкү шкаласы каралууда:

– 100 млде 5 г чейин кант – 1 литрине 5 сом

– 100 млде 5–8 г кант – 1 литрине 7 сом

– 100 млде 8–11 г кант – 1 литрине 9 сом

– 100 млде 11 гдан жогору кант – 1 литрине 11 сом

Мындай моделдин максаты – өндүрүүчүлөрдү суусундуктардын курамындагы канттын көлөмүн азайтууга түрткү берүү, калктын керектөө адаттарын өзгөртүүгө көмөктөшүү жана кант көп камтылган азыктарды керектөөнү кыскартуу.

Ошондой эле энергетикалык суусундуктарга 1 литрине 20 сом өлчөмүндө туруктуу акциздик ставка киргизүү сунушталууда. Бул алардын курамындагы кант жана кофеиндин жогорку концентрациясы, айрыкча өспүрүмдөрдүн саламаттыгына тийгизген таасири менен түшүндүрүлөт.

Ушундай эле принципти тузу жогору болгон азыктарга да колдонуу сунушталууда. Биринчи кезекте сөз бир эле учурда куурулган жана туздалган азыктар – мисалы, чипсылар, туздалган сухариктер жана башка снек түрүндөгү продукциялар жөнүндө болуп жатат.

Сунушталып жаткан модель боюнча акциздин өлчөмү азыктын курамындагы туздун көлөмүнө жараша аныкталат:

– 100 гда 1,2 г чейин туз – 0 сом

– 100 гда 1,2–1,5 г туз – 100 г үчүн 5 сом

– 100 гда 1,5–2,0 г туз – 100 г үчүн 10 сом

– 100 гда 2,0–2,5 г туз – 100 г үчүн 15 сом

– 100 гда 2,5 гдан жогору туз – 100 г үчүн 20 сом

Жолугушуунун катышуучулары сунушталган моделдин параметрлерин, анын калктын саламаттыгына тийгизе турган таасирин, ошондой эле өндүрүүчүлөр жана керектөөчүлөр үчүн мүмкүн болгон экономикалык кесепеттерин талкуулашты. Бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү демилге боюнча өз пикирлерин жана сунуштарын билдиришти.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бул демилге калктын саламаттыгын жакшыртууга жана жугуштуу эмес оорулардын жайылышын азайтууга багытталган узак мөөнөттүү мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү экенин белгилешти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлигинин бул демилгесин колдоорун билдиришти.

ДСУнун өкүлү Алтымышова Алина Тариэловна белгилегендей, мындай чаралар эл аралык практикада кеңири колдонулат. Анын айтымында, дүйнөнүн 116 өлкөсүндө кант жана туз көп камтылган азыктарга карата ар кандай жөнгө салуу жана салыктык механизмдер колдонулууда, бул калктын зыяндуу азыктарды керектөөсүн азайтууга жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга багытталган.

Ал ошондой эле эл аралык илимий изилдөөлөр кант камтылган суусундуктарды үзгүлтүксүз колдонуу калктын саламаттыгына терс таасир тийгизерин далилдеп келгенин белгиледи. Айрыкча мындай таасир балдар жана өспүрүмдөр үчүн кооптуу.

Ошондой эле бул акцизден түшкөн бардык каражаттар мамлекеттик бюджетке түшөрү белгиленди. Бюджеттик чыгымдарды түзүүдө бул каражаттарга тең өлчөмдө саламаттык сактоо тармагындагы максаттуу программаларды каржылоо, анын ичинде оорулардын алдын алуу, дарылоо, коомдук саламаттыкты чыңдоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу каралууда.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Темирбек Эркинов белгиледи:

«Бүгүнкү күндө туура эмес тамактануу жана ага байланышкан оорулар коомдук саламаттык үчүн олуттуу чакырык болуп калууда. Улуттук статистика комитетинин 2023-жылдагы маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда балдардын 9 пайызы – башкача айтканда ар бир он биринчи бала – ашыкча салмакка ээ. Ошол эле учурда 6–23 айлык балдардын 75 пайызы ден соолукка пайдалуу эмес азыктарды колдонушат, 78 пайызы кант камтылган суусундуктарды ичишет, ал эми балдардын 16 пайызы күн сайын жашылча жана жемиш жешпейт.

Кант камтылган суусундуктардын кеңири колдонулушу негизги факторлордун бири болуп эсептелет. Өлкөдө 84 миңден ашык кант диабети менен ооругандар катталган, жыл сайын алардын саны 5–7 миң адамга көбөйүүдө. Ал эми гемодиализге мамлекеттик чыгымдар жылына 2 млрд сомдон ашат.

Ошондуктан кант жана туз көп камтылган азыктарды керектөөнү азайтууга багытталган чаралар жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана калктын саламаттыгын коргоо боюнча маанилүү кадам болуп саналат».

Саламаттык сактоо министрлиги бул демилгени мындан ары ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар, бизнес-коомчулук жана эл аралык өнөктөштөр менен консультацияларды улантат.

Последние новости