www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда бир нече жаш жаран коомдук жайда ызы-чуу салып, коомдук тартипти бузуп жаткандыгы тартылган видеотасма тараган.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, видеотасмада тартылган жарандардын өздүгү аныкталды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына беш жаран жеткирилди.

Жеткирилген үч жаранга - 2002-жылы туулган Р.А., 2008-жылы туулган А.М. жана 2005-жылы туулган Н.А.га Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлдү.

Топтолгон материалдар белгиленген тартипте тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт.

Урматтуу жарандар!

Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, айланасындагы адамдарды урматтоого жана коомдук жүрүм-турум нормаларын бузган аракеттерге жол бербөөгө чакырат.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы

Последние новости