www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 17 кабаттуу турак жайдын курулушунда автокран оодарылып, «Кап Град Кейжи» ЖЧК курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Окуя 7-майда Матыев көчөсү 21/2 дарегинде болгон. Өндүрүштүк иштерди жүргүзүү учурунда автокран оодарылып кеткен.
Министрликтин адистери объектте техникалык коопсуздук талаптары толук сакталбаганын аныкташты. Кырсыктын кесепетинен электр зымдары үзүлгөн. Жабыркагандар жок.
«Текшерүүнүн жыйынтыгында «Кап Град Кейжи» ЖЧКга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, ошондой эле объектти толук калыбына келтирүү боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди», - деп жазылган маалыматта.