www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын аскерлери Ирандын Кешм аралындагы портуна жана Бендер-Аббас шаарына сокку урду. Бул тууралуу «Fox News» телеканалынын журналисти Женнифер Гриффин жана «Axios» кабарчысы Барак Равид өздөрүнүн булактарына таянып билдиришти.

Америкалык аткаминерлер бул соккуларды эки өлкө ортосундагы согуштун кайрадан башталышы катары баалашпайт. Ирандын «Fars» мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, соккунун кесепетинен Кешм аралындагы Бахман соода пирси жабыркаган.

Ирандык «Tasnim» агенттиги билдиргендей, Ормуз кысыгына жакын жердеги АКШнын үч эсминеци Ирандын аскердик-деңиз флоту тарабынан чабуулга кабылган. Бул окуя америкалык аскерлердин ирандык мунай танкерине жасаган чабуулунан кийин болгону айтылууда.

Америка тарап соккулар коргонуу максатында жасалганын билдирди. Тактап айтканда АКШнын үч эсминеци Ормуз кысыгы аркылуу Оман булуңуна өтүп бара жатканда ирандык күчтөр аларды көздөй ракета жана дрон учуруп, чакан катерлерден ок чыгарышкан. Жооп иретинде АКШ аскерлери чабуул жасалган объекттерге, анын ичинде ракета учуруучу жайларга жана командалык пункттарга сокку урган.

АКШ президенти Дональд Трамп үч америкалык эсминец зыян тартпаганын жана Ормуз кысыгындагы блокадага катышууну улантарын айтты.

«Reuters» агенттиги белгилегендей, бул кагылышуу АКШ Ирандан согушту токтотуу боюнча сунушка жообун күтүп жаткан маалда болду. Буга чейин Трамп Вашингтон менен Тегерандын ортосунда жакшы сүйлөшүү өткөнүн айткан эле.

Последние новости