www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түп РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кызмат өтөө учурунда наристенин өмүрүн сактап калууга ыкчам жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө кызматкерлер катуу ылдамдык менен келе жаткан автоунааны токтотушкан. Текшерүү маалында унаанын ичинде 1 жаштагы наристе суу жутуп алып, дем ала албай жаткандыгы аныкталган.
Абалдын оор экендигин эске алган ЖКККБ кызматкерлери убакытты текке кетирбестен, наристени кызматтык унаага салып, тез арада ооруканага жеткиришкен. Натыйжада дарыгерлер тарабынан ыкчам медициналык жардам көрсөтүлүп, наристенин өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
ЖКККБ кызматкерлердин ыкчамдыгын, жоопкерчилигин жана кесипкөйлүгүн өзгөчө белгилейт.
ЖКККБ жарандарды өзгөчө кырдаалдарда сабырдуулукка чакырып, коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертет.