www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында кызга карата мыйзамсыз аракеттер жасалган учур боюнча милиция кызматкерлери тарабынан текшерүү жүргүзүлдү.

Социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторинг учурунда окуя тартылган видеотасма аныкталган. Анда белгисиз жаран кызга карата мыйзамсыз аракеттерди жасап, кийин башка жаран аны унаага салып, окуя болгон жерден алып кеткен учурлар көрсөтүлгөн.

Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1990-жылы туулган А.Х. жана 1991-жылы туулган Б.У. аттуу жарандарды аныктап, бөлүмгө жеткиришкен.

Аларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протокол түзүлүп, мыйзам талаптарына ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иштер улантылууда.

Последние новости