www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кырчында 20 жаштагы жигит атка сүйрөлүп, каза болду.
Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында болгон кырсык боюнча маалымат берди.
Министрликтин маалыматына ылайык, жабыркаган адам 2006-жылы туулган жигит болгон. Ал Ананьево айылындагы аймактык ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер анын каза болгонун аныкташкан.
Дарыгерлер маркумга ачык баш мээ жаракаты жана айкалышкан оор жаракаттар диагнозун коюшкан.
Буга чейин социалдыктармактарда, Кырчын капчыгайында ат адамды бир нече жүз метрге чейин сүйрөп кеткени кабарланган. Алдын ала маалымат боюнча, анын буту үзөңгүгө илинип калган болушу мүмкүн. Алгач окуядан жабыркаган адам кыз экени айтылган, бирок кийинчерээк анын 2006-жылы туулган жигит экени такталган.
Учурда окуянын бардык жагдайлары тиешелүү органдар тарабынан такталууда.