www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Кыргызстандын аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы жарандардын пикети өтүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, пикетке жыйырмадан ашуун адам катышууда.

"Кыргызстандын аскерлери Казакстанга жиберилбесин. Казакстанга тыштан агрессия болгон жок, казак эли ички ишин өзү чечиш керек. Казак эли бизге боордош, тууган эл. Ошондуктан кыргыз аскерлеринин ал жакта ок чыгарганы туура эмес болуп калат", - деди пикеттин катышуучусу Урмат Насыкулов.

Акцияга чыккандар арасында Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) чыгыш керек деген талап койгондор дагы бар.

Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселесин караганы жатат. Жыйын жабык эшик артында өтөөрү айтылууда. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураган. Уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда Фейсбук аркылуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн билдирди.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда. Казакстандын жалпы аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости