www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 8-июнда болжол менен саат 00.20да Жаманбаев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

"Дэу Нексия", "Фольксваген Гольф" жана «Ниссан Альмера» үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн. Күбөлөрдүн айтымында, кырсык «Фольксвагендин» айдоочусунун кесепетинен болгон. Ал окуядан кийин изин жашырып кеткен, бирок көп өтпөй кармалып, кырсык болгон жерге алынып келген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Фольксваген» унаасынын айдоочусу мас абалында болгон. Кырсыктын кесепетинен «Дэу Нексия» жана «Ниссан Альмера» унааларынын айдоочулары жабыркап, ооруканага жаткырылган. Жеринде ЖКККББнын кызматкерлери иш алып барууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости