www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рогун ГЭСинде эки киши көчкү алдында калды

Тажикстандын Рогун ГЭСиндеги курулуш аянтында экскаватор айдоочусу болуп иштеген 60 жаштагы Бахтиёр Файзовдун туугандары бийликтен анын сөөгүн табууга көмөктөшүүнү сурады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

«Бир нече күн өткөндөн кийин анын сөөгүн өзүбүз издөөнү чечтик. Бирок бизди курулуш аянтына киргизишкен жок. Ал жер стратегиялык объект экенин айтышты. Биздин өтүнүчүбүздөн кийин объектинин коопсуздук кызматкерлери менен окуя болгон жерге бардык. Күбөлөрдүн айтымында, алар 60 метр тереңдикке түшүп кетишкен, – деп жазылат маалыматта.

Кырсык болгон жерди экскаватор менен казышкан. Бирок жумушчулардын сөөгү табылган эмес.

Рогун ГЭСинде 2018-жылы курулуш аянтындагы кырсыктан алты киши өлүп, жетөө жаракат алган. Алардын бири Кытай жараны болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости