www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын Запорожье шаарындагы менчик бала бакчанын ээси 1 жаштагы кызды жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүп алган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 29-майда болуп, жерине чакыртылган "Тез жардам" кызматы наристенин каза болуп калганын аныктаган. Ошол эле күнү укук коргоо органдары 51 жаштагы бала бакчанын ээсин камакка алган. Учурда тергеө иштери жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү аял 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Окуя аталган бала бакчанын видео көзөмөлүнө түшүп калган. Анда көрүнгөндөй, аял наристени алгач диванга жаткырып, бетине жаздыкты жаап туруп байлап, андан соң башка бөлмөгө көтөрүп кеткен. Кылмышка шектүү наристе тынымсыз ыйлаганын жана кусуп жибергенин айтып, актанууга аракет кылган. Аял видеонун жарымын жок кылууга жетишкени менен башка жакта сакталып калган видео аркылуу ага "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши ачылган.
Кийин белгилүү болгондой, шектүү 3 бөлмөлүү үйдү менчик бала бакча катары иштетип келген, бирок ага тиешелүү документтери да, уруксаты да жок болуп чыккан.
Булак: NazarNews.kg