www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте түнкү клубдардын биринин алдында тапанча көтөрүп, асманга ок атканы үчүн кармалган 34 жаштагы жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүүнүн баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралып, ал эки айга үй камагына алынган.
Эскерте кетсек, окуя 14-майга караган түнү Асанбай кичирайонунда болгон. Травматикалык тапанча көтөргөн мас адам түнкү клубдун кире беришинде асманга ок чырарган.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 34 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Белгилүү болгондой, ал буга чейин Экономика министрлигинде иштеген. 10-майда иштен кеткен.
Булак: NazarNews.kg