www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыяр Калпаев, Кубанычбек Самаков, Равшанбек Рысбаев, Азамат Исираилов, Темирлан Айтиев, Илимбек Кубанычбеков, Медербек Чотонов, Гүлжан Сатиева, Чолпон Эсенаманова, Алишер Козуев, Венера Салямова, Гүлсүнкан Жунушалиева.
Демилгечилердин бири, депутат Бактыяр Калпаев белгилегендей, сунушталып жаткан өзгөртүүнүн максаты мамлекеттик башкаруунун санариптик трансформациясы шартында жарандардын кайрылууларын кароонун натыйжалуулугун жана ыкчамдыгын жогорулатуу болуп эсептелет. Анын айтымында, техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейиши, процесстердин автоматташтырылышы жана системалардын жогорку деңгээлде интеграцияланышы кайрылууларды кароо мөөнөтүн сапатына доо кетирбестен объективдүү түрдө 10 жумуш күнгө чейин кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.
Талкуу маалында депутаттар жарандардын кайрылууларына жооп берүү мөөнөтүн кыскартуу алардын сапатына терс таасирин тийгизбеши керектигин айтышты. Эл өкүлдөрү белгилегендей, кайрылууларды кароо мөөнөтү кыскарганы менен, мамлекеттик органдар тарабынан берилген жооптор толук, негиздүү жана жарандардын көтөргөн маселелерин чечүүгө багытталган болушу зарыл. Ошондой эле депутаттар бул багытта мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүү чоң мааниге ээ экенин кошумчалашты.
Алсак, депутат Гуля Кожокулова кайрылууларды кароо мөөнөтүн кыскартуунун максатка ылайыктуулугу тууралуу сөз кылып: «Биз көп учурда мамлекеттик органдардан формалдуу жоопторду алып жатабыз. Ошол эле учурда айрым жарандардын кайрылуулары кошумча жана кылдат изилдөөнү талап кылат. Бул жерде жарандардын ишеними тууралуу сөз болуп жатат, андыктан ар бир кайрылуунун сапаттуу каралышын камсыз кылуу керек», – деди.
Эл өкүлү Камила Талиева да айрым учурларда жарандардын кайрылуулары татаал мүнөздө болуп, кошумча материалдарды изилдөөнү, атайын комиссия түзүүнү же тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүүнү талап кыларына токтолду.
Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбоору менен Чоң-Арык айылынын аймагында бош жер участокторунун жоктугуна байланыштуу «1 Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясы» мамлекеттик мекемесинин аймагынан 10,48 га жер тилкесин бөлүп берүү сунушталууда. Мамлекет башчысынын чечиминин негизинде жер тилкелерин бөлүп берүү Жер кодексинде белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык Министрлер кабинети тарабынан ишке ашырылат.