www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1076,2 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын аракети менен Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз пайдаланылып келген 1076,2 чарчы метр жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Аталган жер тилкеси кызмат тарабынан аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйруктун негизинде мамлекетке кайтарылган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен пайдаланылып жатканы аныкталган. Натыйжада тиешелүү чаралар көрүлүп, жер тилкеси мамлекеттик баланска өткөрүлдү.
Тийиштүү кызматтар жер мыйзамдарын сактоо боюнча текшерүүлөрдү мындан ары да уланта бермекчи.

 

Последние новости