www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Маалымат менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Гулнара Акимбаева тааныштырды.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 «2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 1-главасынын 3-пунктун аткаруу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик кызматкерлер тарабынан мүмкүн болуучу же болуп өткөн кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча буга чейин келип түшкөн жана расмий түрдө катталган арыздар тууралуу сурады. Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү мындай арыздар болбогонун билдиришти. Депутат Улан Примов кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу механизмдери, жетекчини тартиптик жоопкерчиликке тартуу, кызмат ордунан бошотууга чейин чара көрүү маселелерин көтөрдү. Депутат Камила Талиева кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдын 7 жана 28-беренелерине сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө көңүл буруп, мыйзамдын ченемдери жайылтылган адамдардын жана аталган мыйзамдын аткарылышын координациялоо, мониторинг жүргүзүү функциялары жүктөлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди тактады. Депутат Дастан Бекешев бул мыйзамдын ченемдерин колдонуу чөйрөсүнө кимдер кирерин түшүндүрүп берүүнү өтүндү. Депутат Гуля Кожокулова Этика боюнча комиссиянын ишмердүүлүгү жана ыйгарым укуктары тууралуу кеп кылды. Ал эми депутат Токтобүбү Ашымбаева кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдын 4-беренесинин 2-пунктундагы «аффилирленген жактар» бөлүгүнүн сунушталып жаткан редакциясына көңүл бурду.

Жыйында мындан тышкары «2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Аталган Протоколго ылайык, «Камышановка — автожол» өткөрүү пунктунун аталышын «Төмөнкү Чүй - автожол» деп өзгөртүү, анын макамын эки тараптуу макамдан көп тараптуу (эл аралык) макамга өзгөртүү жана иштөө режимин күндүзгү убакыттан сутка бою иштөө режимине өткөрүү сунушталууда. Ошонондой эле «Кичи-Капка - автожол» өткөрүү пунктунун макамын дагы эки тараптуу макамдан көп тараптуу (эл аралык) макамга өзгөртүү каралган. Бул өткөрүү пункттарынын статусунун өзгөрүшү жагымдуу шарттарды түзүү жана туризмди өнүктүрүү, анын ичинде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү, чет элдик туристтерди, инфраструктураны жакшыртууну өнүктүрүү зарылчылыгы менен шартталган.

Ошондой эле «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору дагы үчүнчү окууда колдоо тапты.

Последние новости