www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Тоо жаңы конушундагы жеке бала бакчанын жетекчиси беш жашар баланы сабап салган. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Назгүл Турдубекованын айтымында, баланын апасы уюмга жардам сурап кайрылган.
“Башына соккон, кулагын бураган, дааратканага камап, жарыкты өчүрүп салган. Эми бала ыйлаганын токтотпой жатат. Бишкек мэриясы жеке бала бакчаларды көзөмөлгө алышы керек. Ал жакта баланы өлтүрө сабап салышы мүмкүн эле. Милицияга арыз жаздык. Жообун күтүп жатабыз”,- деп айтылат маалыматта.
Ал эми, укук коргоо органдары бул маалымат тууралуу расмий билдирүү бере элек.
Булак: NazarNews.kg