www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда дыйкандар айдап себүү иштери менен алек боло баштады.

Бирок доллардын куну кескин көтөрүлүп, рублдин баасы түшүп кеткенине байланыштуу жет семирткичтердин баасы былтыркыга салыштырмалуу 10 сомго чейин көтөрүлүп кетти. Ал арада дыйкандарды күйүү жана майлоочу майлардын баасы да жогорулап кеткени белге тээп турат дешет. Мындан улам дыйкандарга кыйынчылыктар жаралып жатат. Айрымдары эгин эгүүдөн баш тартууга да даярдыгын айтышууда.

Негизинен Кыргызстанга жер семирткичтер Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан импорттолуп келет. Валюта базарында доллардын куну кескин көтөрүлүп кеткендиктен, өлкөгө алынып келинген жер семирткичтердин баасы да кымбаттады. Өткөн жылга салыштырмалуу баа 10 сомго чейин көтөрүлгөн. Учурда 1 кг азоттун баасы 53-54 сомго бааланып жатат. А былтыры 40 сомдун тегерегинде гана сатылып турган. Ал кезде ошол баа да кымбат дешкен.

Учурда жазгы айдап-себүү иштери башталып, кылкандуу дан эгиндери эгилип жатат. Өкмөт бул жылы айыл-чарбага өзгөчө көңүл буруп, бир канча долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатат. Мындан сырткары, дыйкан-фермерлер үчүн арзандатылган баада насыяларды да берип жатат.

Азыр жер семирткичтердин баасы дыйкандардын башкы көйгөйүнө айланды. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Данияр Баатыров, жер семирткичтерди дыйкандарга ыңгайлуу баада жеткирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгилейт.

Өсүмдүккө тез таасир берүүчү жана түшүмдүүлүктү арттырууда жер семирткичтердин ролу чоң. Алар органикалык жана минералдык жер семирткичтер болуп экиге бөлүнөт. Учурдагы кымбатчылыктан улам, агрономдор бул заттардын башка түрлөрун сунушташат. Ал жол менен өсүмдүктүн түшүмдүүүгүн жогорулатууга мүмкүн экендигин айтышат.

Жер семирткичтердин кымбаттап кетишин алдын алуу максатында, Министрлер кабинети коңшу Өзбекстандан 30 миң тонна жер семирткич алып келүүнү пландаштырып жатканы маалым болду. Эгер алынып келинсе, дыйкандарга жеткиликтүү болушу ыктымал. Бирок канча сомдон сатылары азырынча белгисиз. Анын баасы коротулган чыгымга карап коюлат. Ошону менен минералдык заттардын баасы туруктуу кармалып калышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости