www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы Сыдыков көчөсүндө, 131-үйдүн жанында курулуш иштери башталды. Чуңкур үйдүн пайдубалы асманга илинип тургандай кылып даярдалган, деп билдирди депутат Тазабек Икрамов 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында.
«Бул үй кооптуу. Эртең ага эмне болот? Курулуштун жүрүшүн, үйдүн абалын текшерип берүүңүздөрдү суранам», - деди ал тиешелүү жетекчилерден.
2-февраль күнү Бишкек шаарынын тургуну Сыдыков көчөсүндөгү 131-үйдүн жанына жакын жаңы үй салынып жаткандыгын айтып нааразы болгон.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 3-февралда иш боюнча жагдайлар такталганга чейин иш убактылуу токтотулганын билдирген.
5-февралда шаар тургуну курулуш иштери жүрүп жаткандыгын кабарлаган. «Курулуш компаниясы жакын жердеги үйдүн пайдубалын целлофан менен жаап койгон», — деп жазган ал.
Бишкек мэриясы азырынча жооп бере элек.
Булак: NazarNews.kg