www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгына Кыргызстандын, Беларустун жана Тажикстандын жарандарынан турган топ Орусиядан уурдалган унааларды айдап, сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Бул факт 380-беренесинде каралган кылмыштын негизинде (транспорт каражатынын идентификациялык номурун жасалмалоо, жок кылуу) «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. КР Кылмыш-жаза кодексинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагында 2020-жылы чыгарылган «Тойоты RAV4» үлгүсүндөгү кыргыз номурлуу унаа кармалган.
Андан ары, алынган ыкчам маалыматтын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде ыкчам тинтүү жүргүзүлүп, андан дагы 2021-жылы чыгарылган «Hyundai Santa Fe» үлгүсүндөгү орус номурлуу эки унаа табылган.
Булак: NazarNews.kg