www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто балдарын өлтүрүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине түштүк борбордун ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, бүгүн милиция кызматкерлерине Амир-Тимур кичи районунда жашаган аял балдарды өлтүрүүнү көздөп, аларга чоң өлчөмдөгү димедрол дарысын бергендиги тууралуу маалымат түшкөн.
«Шектүү 40 жашта экени белгилүү болду. Ал чындап эле балдарга көп дозада димедрол таблеткаларын жана ич өткөккө каршы дары берген. Дарыгерлер келгенге чейин милиция кызматкерлери балдардын ашказанын жеринде жуушкан. Аял чындап эле аларды өлтүрүп, анан өз жанын кыйгысы келгенин мойнуна алган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Аялдын психикалык саламаттыгы жана экстремисттик уюмдарга тиешеси текшерилип жатат. Балдар ооруканага жаткырылды, алардын өмүрүнө эч нерсе коркунуч туудурбайт», - деп белгилешти ШИИБден.
Булак: NazarNews.kg