www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Полярная звезда» планетарийи жайгашкан жер мамлекеттин менчигине кайтарылды, деп билдирди УКМК.

Тактап айтканда Бишкек шаарындагы «Панфилов» сейил багына жакын жайгашкан жалпы аянты 0,42 га болгон муниципалдык жер жеке менчикке мыйзамсыз берилген.

«Коррупциялык схеманы Бишкек шаарынын мэриясынын мыйзамсыз токтому менен айрым жогорку кызматтагы адамдар уюштургандыгы такталган.

Иликтөө иш-чараларынын алкагында муниципалдык жерди мыйзамсыз басып алууга тиешеси бар адамдар аныкталды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында объект мамлекеттин менчигине өткөрүлдү», - деп айтылат расмий маалыматта.

Последние новости