www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасында адам ресурстарын өнүктүрүү маселелерине арналган жогорку деңгээлдеги диалог болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте уюштурулуп, Президенттин Администрациясынын, Жогорку Кеңештин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди.

Талкууга Президенттин Администрациясынын башкы эксперти Элден Калчакеев, саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев, ошондой эле Наташа Аззопарди Мускат катышты.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасында алгач ирет 2013–2024-жылдар аралыгындагы саламаттык сактоо тармагындагы эмгек рыногунун комплекстүү талдоосунун жыйынтыктары сунушталды. Анда кадрдык потенциалдын учурдагы абалы, негизги чакырыктар жана узак мөөнөттүү тенденциялар чагылдырылган.

Белгиленгендей, кадрдык ресурстар саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун аныктаган негизги фактор болуп саналат. Башкы көйгөйлөрдүн катарында адистердин жетишсиздиги, аймактар боюнча теңсалмаксыз бөлүштүрүлүшү жана медициналык кесипке кызыгууну жогорулатуу зарылдыгы бар.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кырдаалды өзгөртүүгө багытталган системалуу чараларды ишке ашырууда.

Атап айтканда:
— саламаттык сактоону мамлекеттик каржылоо дээрлик эки эсеге көбөйтүлдү;
— медициналык кызматкерлердин эмгек акысы ырааттуу жогорулатылууда, кошумча жогорулатуу пландалган;
— аймактарда иштеген адистер үчүн финансылык стимулдар киргизилди;
— жаш дарыгерлерди жана ординаторлорду колдоо программалары ишке ашырылууда;
— кадрларды даярдоо жана бөлүштүрүү ыкмалары системанын муктаждыктарын эске алуу менен кайра каралууда.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев белгилегендей:
«Бүгүн биз кадрлардын санын көбөйтүүдөн маалыматтарга, мотивацияга жана заманбап компетенцияларга таянган системалуу башкарууга өтүп жатабыз. Биздин милдет — медициналык кызматкерлер системада калып, натыйжалуу иштеп жана аны менен бирге өнүгүшү үчүн шарт түзүү».

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоодогу олуттуу прогрессин белгилеп, мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

ДССУнун Европа аймактык бюросунун саламаттык сактоо системалары боюнча директору Наташа Аззопарди Мускат төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Кыргыз Республикасы кадрдык потенциалды чыңдоо боюнча маанилүү кадамдарды жасап жатат. Ошол эле учурда адистерди тартуу, кармап калуу жана аймактар боюнча тең бөлүштүрүү маселелери актуалдуу бойдон калууда. Бул чакырыктарды системаны мындан ары өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк катары кароо зарыл. ДССУ Кыргыз Республикасын мындан ары да колдоону улантат».

Диалогдун жүрүшүндө кадрдык ресурстарды башкарууда санариптик чечимдердин ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо системасында кадрдык абалды реалдуу убакыт режиминде баалоого мүмкүндүк берген мониторинг инструменттери киргизилүүдө, бул негизделген башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт.

Диалог узак мөөнөттүү кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө жана калк үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болду.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги адам ресурстарын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык негизи катары карап, бул багыттагы ырааттуу ишин улантууда.

Последние новости