www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 22–28-июнь күндөрү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда VI Эл аралык сейсмотуруктуу курулуш боюнча илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чарага ассоциацияга мүчө мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар, инженерлер, долбоорлоочулар жана курулуш тармагынын адистери катышууда.
Конференциянын практикалык бөлүгүнүн алкагында катышуучулар Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту иштеп чыккан бир катар ири долбоорлор менен жеринде таанышты.
Алар Бишкекте курулуп жаткан «Бишкек Арена» улуттук стадионунун курулуш аянтчасына барып, колдонулуп жаткан заманбап инженердик чечимдер тууралуу маалымат алышты.
Мындан тышкары, делегация институттун базасында курулуп жаткан сейсмоизоляциялык компоненттерди өндүрүүчү заводго барып, курулуш иштеринин жүрүшү жана келечектеги өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.
Конференциянын негизги максаты – сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу, имараттардын жана курулмалардын сейсмотуруктуулугун жогорулатуу боюнча заманбап илимий жетишкендиктерди жана практикалык тажрыйбаларды талкуулоо, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Белгилей кетсек, аталган конференция Курулуш министрлигинин колдоосу менен эки жылда бир өткөрүлөт. Анын илимий жыйындары 22–24-июнь күндөрү Бишкек шаарында уюштурулган.